Тажикстандык эксперт: Бишкекте өткөн ШКУ саммити Кыргызстан үчүн тарыхый окуя

Пикир 2 сентябрь 2026 09:45
Тажикстандык эксперт: Бишкекте өткөн ШКУ саммити Кыргызстан үчүн тарыхый окуя
copyright icon WWW

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте юбилейлик саммитинин өткөрүлүшү Кыргызстан үчүн тарыхый окуя болуп, саясий жана имидждик жактан чоң мааниге ээ. Бул тууралуу Тажикстан Илимдер академиясынын Философия жана саясат таануу институтунун илимий кызматкери Виктор Ким "Кабар" агенттигине билдирди.

Эксперттин айтымында, ШКУ 25 жылдык тарыхында өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн далилдеп, бүгүнкү күндө аймактык гана эмес, эл аралык масштабдагы уюмга айланды. Ошондуктан ШКУнун саммити сыяктуу иш-чаралар ар дайым дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурат.

Виктор Ким бул жолку саммит мааракелик болгондуктан өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, саммит өзүнүн форматы боюнча дүйнөлүк түзүлүштүн жаңы архитектурасына жооп берген уюмдун мүмкүнчүлүгүн жана келечегин көрсөтөт.

"Юбилейлик саммиттин Бишкекте өтүп жатканы, Кыргызстан үчүн абдан маанилүү иш-чара. Бул саясий жактан гана эмес, өлкөнүн имиджи жагынан да чоң мааниге ээ", – деди эксперт.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Борбор Азия өз алдынча аймактык актор жана эл аралык укуктун субъекти катары калыптанып, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн далилдегенин белгиледи. Ошол эле учурда аймактагы беш мамлекеттин ар бири өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү менен өзүнүн дараметин көрсөтүп жатканын айтты.

Эксперт Кыргызстан тууралуу сөз кылып жатып, өлкө тездик менен өнүгүп жаткан заманбап мамлекет экенин белгиледи. Анын айтымында, бул экономиканын өнүгүшүнөн да, коомдун ички абалынан да көрүнүп турат.

Ким Кыргызстанды эл аралык масштабдагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы боюнча шек саноого негиз жок деп эсептейт. Ал буга быйыл өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын Консультативдик жолугушуусун мисал келтирип, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

"Бүгүн биз юбилейлик ШКУнун саммити да эң жогорку деңгээлде өткөнүн ишенимдүү айта алабыз", - деди Ким.

Ошондой эле ал Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын маанисин юбилейлик саммитти өткөрүү менен гана чектөөгө болбой турганын белгиледи. Эксперт Кыргызстандын элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы менен куттуктап, бул дата Борбор Азия мамлекеттери үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Ким ШКУнун юбилейлик саммити өтүп жаткан күндөрү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип жатканына көңүл бурду.

"Мааракелик саммит өтүп жаткан күндөрү мамлекеттик сапар сыяктуу жогорку деңгээлдеги визиттин болушу - азыркы Кыргызстанга берилген жогорку баа деп айтууга болот", - деп жыйынтыктады Виктор Ким.