"Тазалык" ишканасына жаңы 20 атайын техника тапшырылды

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 17:45
ac7c8e56-5cb0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери үчүн салтанаттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада шаар башчысы кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, «Тазалык» ишканасынын директоруна жаңы адистештирилген техникалардын ачкычтарын тапшырды.

Өз сөзүндө мэр Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кызматтардын, анын ичинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Акыркы эки жылда ишканага заманбап талаптарга жооп берген 188 даана атайын техника берилди. Анын ичинен 20 даанасы бүгүн тапшырылып жатат. Бул техника иш процесстерин тездетүүгө, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын дагы да жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенем», — деп баса белгиледи мэр.

Майрамдык иш-чарага «Тазалык» ишканасынын  1200гө жакын кызматкери, ошондой эле шаардык жана тармактык кызматтардын өкүлдөрү катышты.