Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда 773 айылда ичүүчү суу тутумдарын куруу жана калыбына келтирүү долбоорлору ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда 120 айылда таза суу системасынын курулуш-монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми 229 айыл боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, 27 айылда курулуш иштерин аткаруучуларды аныктоо боюнча тендерлер өткөрүлүүдө.
Ошондой эле 219 айыл боюнча тиешелүү документтер топтолуп, анын ичинен 95 айылда иш кагаздары толугу менен даяр болду, 177 айылда техникалык-экономикалык негиздемелер иштелип чыгууда.
Адистердин айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу калктын ден соолугун чыңдоого жана айыл жергесиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга түз таасирин тийгизет.