Бүгүнкү күндө Кыргызстанда таза суу менен камсыздоо тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тармак калктын жашоо сапатына, саламаттыгына жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыз кылууда олуттуу ийгиликтер байкалды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 2014 айылдын 836сы таза суу менен камсыз болгон. Ал эми калган 1178 айыл боюнча жигердүү иштер жүрүүдө: долбоорлор иштелип чыгып, иштеп жаткан тармактар модернизацияланып, заманбап тазалоо системалары киргизилип, суу берүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулатылууда.
Ал тургай, формалдуу түрдө суу менен камсыз болгон айылдарда да суунун сапатын жана берүүнүн туруктуулугун жакшыртуу боюнча иштер улантылып жатат, бул тармактын узак мөөнөттүү туруктуулугуна шарт түзөт.

Департамент тарабынан 2026-жылга пландаштырылган долбоорлорго ылайык, 773 айылдын ичинен 120сында курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү долбоордук-сметалык документтерди жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырууга жигердүү даярдалууда.
Долбоорлордун көбү Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрүп жатат. Анткени, ал жакта эл көп, ошону менен бирге сууга болгон муктаждык да абдан чоң.
Чүй облусунда абал салыштырмалуу жакшырак, бирок эл көбөйүп, шаардын тегерегине жаңы конуштар түшүп жаткандыктан, суу системаларына күч келүүдө. Нарын жана Ысык-Көл облустары сыяктуу тоолуу аймактарга, алардын татаал табигый-климаттык шарттарын жана калктуу конуштардын алыстыгын эске алуу менен өзгөчө көңүл бурулууда. Бул натыйжалуу жана үнөмдүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
2021-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта масштабдуу иштер аткарылды: 601 айылда жана 25 шаарда суу менен камсыздоо системалары модернизацияланды, анын ичинде 194 айыл толугу менен ичүүчү суу менен камсыз болду.

2025-жылдын ичинде эле 40 айылда долбоорлор аяктап, бул 75 миңден ашык адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берди.
2026-жылы 773 айылды таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу инфраструктурасын модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Учурдагы абал төмөнкүдөй:
- 2 айылда курулуш аяктады;
- 120 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө;
- 229 айылда долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда;
- 27 айылда курулуш иштерин аткарууга тендерлер өткөрүлүүдө;
- 219 айылда долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн документтер чогултулууда (анын ичинен 95 айылда бардык документтер толугу менен топтолгон);
- 177 айылда техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалууда;
- 405 айыл үчүн инвестиция тартуу иштери улантылууда.

Долбоорлордун аймактык түзүмү өлкөнүн бүткүл аймагында жигердүү иш жүрүп жатканын көрсөтөт:
- Баткен облусу – 71 айыл, анын ичинен 32 айылда курулуш башталды;
- Жалал-Абад облусу – 228 айыл, анын ичинен 200дөн ашык айыл үчүн долбоордук-сметалык документ жана техникалык-экономикалык негиздемелер жигердүү иштелүүдө;
- Нарын облусу – 65 айыл, анын ичинде 18 айыл курулуш баскычында турат;
- Ош облусу – 192 айыл, анын ичинде 23 айылда курулуш иштери жүрүүдө;
- Талас облусу – 23 айыл, анын ичинен 12 айыл курулуш стадиясында;
- Чүй облусу – 119 айыл, анын ичинде 11 айыл курулуш баскычында;
- Ысык-Көл облусу – 72 айыл, анын ичинен 1 айылда курулуш аяктады, 8 айыл курулуш баскычында.
Шаардык долбоорлорго келсек, алар суу менен камсыздоону гана эмес, канализация тармактарын жана тазалоочу курулмаларды өнүктүрүүнү да камтыйт. Саркынды сууларды чыгаруу системаларын (канализация) өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Канализациянын жоктугу же жетишсиз өнүккөнү суу булактарынын булганышына жана жер алдындагы суулардын абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн.
Бул багыттын алкагында төмөнкү иштерди жүргүзүү пландаштырылууда:
- Каракол, Өзгөн, Нарын, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Ноокат жана башка шаарларда суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын калыбына келтирүү жана кеңейтүү;
- Түп, Кочкор, Кант, Ош жана башка калктуу конуштарда тазалоочу курулмаларды куруу жана модернизациялоо.

Тармакты финансылык колдоо республикалык бюджеттин эсебинен да, ошондой эле эл аралык донорлорду жигердүү тартуунун эсебинен да жүзөгө ашырылууда. Алсак, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык уюмдардан 567,5 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар жана гранттар тартылды. Ошондой эле 2026-жылдан баштап долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 275,3 млн долларга келишимдер ратификацияланды.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо жана канализация тармагын 2036-жылга чейин өнүктүрүү программасы 146 млн 731 миң сом көлөмүндө каржылоону карайт, анын 29 млн сому – республикалык бюджеттин, ал эми 117 млн 731 миң сому – донорлордун эсебинен.
Бул тармакты туруктуу, узак мөөнөттүү каржылоо менен камсыз кылып, калкты таза ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгаруунун заманбап тутумдарына комплекстүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга басым жасоо менен үстүбүздөгү жылга гана эмес, жакынкы 10-15 жылга долбоорлорду пландаштырууга мүмкүндүк берет.