Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында таштандылардын өрттөлүшү боюнча айыл өкмөткө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга чейин социалдык тармактарда аталган айылдагы таштанды төгүлүүчү жайда өрт чыгып, коюу түтүн каптап жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Анын негизинде экологиялык инспекторлор аталган аймакка барып, жеринде текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада аталган аймактагы өрт "Нурманбет-Биримдик" муниципалдык ишканасы тарабынан толугу менен өчүрүлгөн.

Айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн Нурманбет айыл өкмөтүнө карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.