Мыйзамсыз курулуш: Ошто "Аура" кафеси буздурулууда

Аймак
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан "Аура" кафесинин мыйзамсыз курулушу ээлери тарабынан бузула баштады.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, К.Абдразаков көчөсүндө жайгашкан объект боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын ээлерине мыйзамсыз курулушту алып салуу үчүн беш күндүк мөөнөт берилген.

Белгиленген мөөнөттө кафе толугу менен бузулуп, жер тилкеси бошотулууга тийиш.