Ташкентте Ысык-Көл форумун кайра жандандыруу маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 05 Ноябрь 2025 13:05
P_05_2.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Адам укуктары боюнча Улуттук борборунун директору, академик Акмал Саидов менен жолугушту. Тараптар Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Эл аралык Ысык-Көл форумунун ишин кайра жандандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда форумдун гуманитардык баалуулуктарды жана адам укуктарын коргоо идеяларын жайылтуудагы ролу баса белгиленип, бул маанилүү эл аралык аянтчаны калыбына келтирүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярдык билдирилди.

Тараптар ошондой эле адам укуктарын коргоонун эл аралык нормалары менен стандарттарын улуттук мыйзамдарга интеграциялоо жаатындагы тажрыйбалары тууралуу пикир алышты. Элчи Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстанда акыркы жылдары адам укуктары тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, бул багытта Кыргызстандын да ийгиликтүү тажрыйбалары бар экенин белгиледи.

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Өзбекстан Илимдер академиясынын академиги Акмал Саидов 1994–1996-жылдары Өзбекстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеген мезгилинде Чыңгыз Айтматов менен жылуу, достук мамиледе болгонун эскерди. Ал улуу жазуучунун чыгармачылыгы жана дипломаттык ишмердүүлүгү тууралуу «Феномен Чингиза Айтматова», «Афоризмы Айтматова» аттуу китептерди, ошондой эле «Айтматов как дипломат» сыяктуу бир катар макалаларды жазган.