Бишкек, 15.11.25 /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын Сүрөтчүлөр союзу Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Сүрөтчүлөр союздарынын төрагаларына алтын медалдарды тапшырды. Анын ичинде Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев да алтын медалга ээ болду.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи Көркөм өнөр академиясында өтүп, муну менен бирге эле жогоруда аталган өлкөлөрдүн “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук мурас - жалпы келечек” аттуу биргелешкен сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Анда Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев “Кабар” агенттигине конгресстин алкагында өтүп жаткан сүрөтчүлөрдүн жолугушуусу тууралуу айтып берди.

“Ислам цивилизациясы борборунун ачылышы сүрөтчүлөр үчүн дагы маанилүү окуя болуп саналат. Биз он жылдан ашуун убакыттан бери биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруп келебиз. Ошондой эле бул жолугушууда биз Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен жаңы форматка өтүп, бирдиктүү конфедерация түзүүнү пландап жатабыз. Себеби, буга чейин Россия өлкөсүндө чогулуп келген конфедерациябыз 2017-жылы тарап кеткен эле”,- деди ал.
Белгилей кетсек, 13-ноябрда тарта Ташкент шаарында “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук - жалпы келечек” эл аралык конгресси өтүп, анын алкагында Ислам цивилизациясы борборунун ачылышы болууда.