Ташкентте окумуштуулар түрк тилдүү мамлекеттердин маданий-руханий биримдигин талкуулады

Коом 24 октябрь 2025 17:46
photo_24_2.jpg
photo_24_5.jpg
photo_24_3.jpg
photo_24_4.jpg
photo_24_3..jpg
photo_24_1.jpg
photo_24_0.jpg
Алдыга
Артка
photo_24_2.jpg
photo_24_5.jpg
photo_24_3.jpg
photo_24_4.jpg
photo_24_3..jpg
photo_24_1.jpg
photo_24_0.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Ташкент, 24.10.25. /Кабар/. Өзбекстан эл аралык ислам академиясында кечээ «Түрк тилдүү мамлекеттердин философиясы, маданияты жана байланышы: тарых, бүгүн жана келечек» деген темада эл аралык симпозиум өттү.

Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү элдердин руханий жана маданий биримдигин чыңдоо, илимий жана философиялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле интеграциянын жаңы багыттарын аныктоо болду.

Иш-чарада философия, тарых, саясат жана маданият тармактарындагы маанилүү маселелер кеңири талкууланды.

Симпозиумга Кыргызстандын К.Токтаматов атындагы Эл аралык университетинин, Россиянын Казань федералдык университетинин, Түркиянын Кириккале университетинин, Швециянын Лунд университетинин, Малайзиянын Малай университетинин, Казакстандын Аль-Фараби жана Мухтар Ауэзов атындагы университеттеринин, ошондой эле Өзбекстандын белгилүү окумуштуулары катышты.

К.Токтаматов атындагы Эл аралык университеттин профессору, педагогика илимдеринин доктору Төлөгөн Омошев «Жогорку билим берүү системасындагы чыгармачыл багыттагы студенттер арасында жарандык иденттүүлүктүн калыптанышы жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү» темасында, ал эми ошол эле университеттин доценти, саясий илимдердин кандидаты Азамат Калиев «Кыргызстанда жарандык иденттүүлүктүн калыптанышы: маселелер жана өнүгүү перспективасы» темасында баяндама жасады.

Жыйынтыгында түрк тилдүү мамлекеттердин философиясын, маданиятын жана кызматташтыгын өнүктүрүү, элдин саясий маданиятын жогорулатуу жана түрк дүйнөсүнүн руханий биримдигин чыңдоо боюнча атайын кайрылуу кабыл алынды.