Ташкентте Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасы тааныштырылды

Коом Загрузка... 15 Декабрь 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14.12.25. /Кабар/. Ташкент шаарында "Борбор Азияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу" аттуу биринчи регионалдык форум болуп өттү, деп билдирет UzA агенттиги.

Маалыматка ылайык, иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча топтолгон тажрыйбаны жыйынтыктоо, ошондой эле бүгүнкү замандын багыттары менен чакырыктарын эске алуу аркылуу жергиликтүү башкарууну өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныктоо максатын көздөдү.

Форумда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары, аймактык оптималдаштыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу, санариптик чечимдер, ошондой эле муниципалдык ассоциациялардын региондор аралык кызматташуудагы ролу талкууланды.

Кыргызстандын Өнүгүү саясаты институтунун эксперти Максим Семеняк аймактардын инвестициялык муктаждыктарын аныктоого багытталган жаңы ыкмалар тууралуу баяндама жасады. Анда пландаштыруу жана божомолдоонун заманбап жолдору аймактык өзгөчөлүктөрдү, калктын катышуусун жана айлана-чөйрө факторлорун эске алуу менен маалыматтарды талдоого шарт түзөрү белгиленди. Ошондой эле башкаруунун ар кыл деңгээлдеринин ортосунда маалымат алмашууну жакшыртып, санариптик каражаттарга таянган даректүү инвестициялык саясатты ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берери айтылды.

"Мындай ыкмалар жакынкы келечекте аймактардын экономикалык өсүшүнө түрткү берип, аймактар аралык теңсиздикти, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен жеткиликтүүлүгүндөгү айырмачылыктарды азайтууга шарт түзөт. Кыргызстандын бул тажрыйбасы туруктуу өнүгүүгө умтулган Борбор Азиядагы башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн", - деди Максим Семеняк.

Форумдун жыйынтыгында Борбор Азияда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул кеңеш региондогу беш өлкөнүн мамлекеттик органдары, ассоциациялары, муниципалитеттери жана жергиликтүү жамааттары үчүн туруктуу координациялоочу аянтча болуп кызмат кылмакчы.

Иш-чара Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы жана Кыргызстандын Өнүгүү саясаты институту тарабынан Улуу Британия өкмөтүнүн EGED программасы (FCDO) жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) колдогон "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк" программасынын алкагында уюштурулду.