Ташкент, 15.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен Ташкенттеги Эл аралык Нордик университетинде Кыргызстандын тоо экологиясы жана ак илбирске арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУ тарабынан кабыл алынган жыл сайын белгиленүүчү Эл аралык Ак илбирстин күнү (23-октябрь) жана Эл аралык тоо күнүнө (11-декабрь) карата уюштурулуп, жыйынга Эл аралык суу ресурстарын башкаруу институтунун (IWMI), Өзбекстандын Көркөм сүрөт академиясынын өкүлдөрү, ошондой эле студенттер жигердүү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкүл Чотонов сөз сүйлөп, БУУнун «Эл аралык Тоо» жана «Ак илбирс» күндөрүн негиздөө Кыргызстандын глобалдык деңгээлдеги экологиялык демилгелеринин маанилүү жыйынтыгы экенин белгиледи.
«Бул демилгелер тоо экосистемасын сактоо жана биоартүрдүүлүктү коргоо маселелерин эл аралык күн тартибине алып чыгууга өбөлгө болду. Ошондой эле ал Бишкек декларациясы табиятты коргоо багытында эл аралык кызматташтыкты жана илимий диалогду чыңдоого багытталган стратегиялык документ катары таанылды», деп айтты элчи.
Нордик университетинин ректору Шохрух Мустафакулов бул иш-чара жөн гана илимий-агартуучулук жолугушуу эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык жоопкерчилигин жана туруктуу келечекке умтулуусун чагылдырган маанилүү диалог аянтчасы экенине көңүл бурду.
«Тоолор суу ресурстарынын булагы, биоартүрдүүлүктүн очогу жана региондун экологиялык тең салмактуулугун камсыз кылуучу табигый тирек экенине токтолду. Ошондой эле ак илбирс тоо экосистемасынын символу катары өзгөчө мааниге ээ» экенин баса белгиледи.
IWMI уюмунун өкүлү Ислом Абдуллаев студенттер үчүн атайын лекция окуп, тоолордун Борбор Азиядагы экологиялык тең салмактуулуктагы ролуна, суу коопсуздугуна жана мөңгүлөрдүн эришинин кесепеттерине кеңири токтолду.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын элчилиги тарабынан тоо темасына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө Өзбекстандын Көркөм сүрөт академиясынын сүрөтчүлөрү 2024–2025-жылдары Кыргызстандын Нарын жана Ош облустарына жасаган чыгармачыл сапарларынын алкагында жараткан эмгектери коюлду.