Ташкент IV эл аралык инвестициялык форуму өз ишин баштады. Шавкат Мирзиёев катышууда

Борбор Азия 10 Июнь 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.12 (2).jpeg
IMG_7613.jpeg
IMG_7614.jpeg
IMG_7615.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-10 at 18.40.12 (2).jpeg
IMG_7613.jpeg
IMG_7614.jpeg
IMG_7615.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ташкент, 10.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азиядагы эң ири IV Ташкент эл аралык инвестициялык форуму башталды. Форумга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Учурда Мирзиёев сөз сүйлөп жатат.

Ал эми, Кыргызстандан аталган форумга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген делегация катышууда. Форумдун жүрүшүндө минкаб төрагасынын сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Бул ирет форумга 100гө жакын өлкөдөн 8 миңден ашуун делегат, анын ичинде мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Форумду дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн келген маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Алардын катарында Кыргызстандын «Кабар» агенттигинин өкүлдөрү да бар.