Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Борбор Азиядагы эң мыкты 20 университеттин катарына Кыргызстандын эки жогорку окуу жайы кирди. Рейтингди QS Quacquarelli Symonds аналитикалык агенттиги жарыялады.
Тизмеде жалпы Азиянын 26 өлкөсүнөн жана аймактарынан 1722 университет кирген. Анын ичинде Борбордук Азиянын университеттери алдыңкы орундарды ээлешкен.
Алсак, 20 университеттин ичиндеги жогорку окуу жайлардын саны боюнча Казакстан алдыңкы орунда турат. Коңшу өлкөдөн мыктылардын катарында 13 окуу жай турат. Аль-Фараби атындагы казак улуттук университети региондогу эң абройлуу окуу жай деп табылып, Борбордук Азияда биринчи орунду ээледи. Андан кийинки эки орун Гумилев жана Сатпаев университеттерине таандык.

Төртүнчү орунга Ташкент ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялоо институту ээ болду. Алдыңкы ондукта Өзбекстандын Мирзо Улугбек атындагы улуттук университети да бар.

Ал эми Кыргызстандын университеттеринен алдыңкы 20 университеттин ичинде 14-орунду Кыргыз-Түрк Манас университети жана 15-орунду Борбордук Азиядагы Америка университети ээледи.

QS Asia University Rankings университеттерди алардын академиялык кадыр-баркына, жумуш берүүчүнүн аброюна, изилдөө ишмердүүлүгүнө, цитаталардын таасирине, окутуучулар менен студенттердин катышына, эл аралык кызматташтыкка жана башка көрсөткүчтөргө негиздеп баалайт.