Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. ЮНЕСКОнун баалоо органы казактардын "Салбурын" фестивалын, сайма жана салттуу кийиз жасоо өнөрүн Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме менен Kazinform маалымат агенттиги билдирет.
Акыркы чечим 30-ноябрдан 5-декабрга чейин Кытайдын Сямынь шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин жыйынында кабыл алынат.

Казакстан "Салбурын - казактардын таздар жана бүркүттөр менен салттуу аңчылык фестивалы" номинациясын өз алдынча тапшырды. Документте белгиленгендей, жыл сайын өткөрүлүүчү бул саамалыктын тамыры көчмөн салттарында жатат. Ал адатта кеч күздөн кышка чейин өткөрүлүп, бир жумага созулат. Сынакка шумкарлар менен тажрыйбалуу мергенчилер жана таз ээлери катышат. Фестиваль ырчы, чоорчу, төкмө акындардын айтышы менен коштолот.
"Салбурын" 2013-жылы Казакстандын материалдык эмес маданий мурастарынын улуттук тизмесине кошулган. Номинацияны даярдоого "Кыран" федерациясы, "Жалайыр Шора" жана "Кансонар" ассоциациясы катышкан.

Ал эми “Сайма өнөрү” номинацисына арызды Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан чогуу тапшырышкан. Сайма өнөрү - түстүү жип менен пахтага, жүнгө, жибекке жана кээде булгаарыга декоративдик жана символикалык оймо-чиймелер түшүрүлгөн салттуу кол өнөрчүлүк. Ал дубалга илинүүчү буюмдарды, жаздыктарды, кийимдерди, баш кийимдерди жана үй кездемелерин кооздоо үчүн колдонулат. Сайма менен негизинен аялдар алектенишет, алар үчүн киреше булагы да болуп саналат.

"Салттуу кийиз жасоо" болсо сегиз өлкөнүн биргелешкен номинациясы. Ага Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Кийизден килемдерди, жайнамаздарды, боз үйлөрдү, кийим-кечелерди жана аксессуарларды жасап келишет. Документте аталган өлкөлөрдүн географиялык чектерден ашып өткөн жалпы маданий элементти жайылтуудагы "үлгүлүү кызматташтыгы" белгиленет.
Казакстан учурда Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине 14 элемент менен кирген. Аларга казактардын салттуу домбура күү өнөрү (2014), айтыш (2015), нан жасоо маданияты (2016), казак күрөшү (2016), казактардын салттуу асык оюну (2017), казак жылкычыларынын салттуу жазгы майрамдык ырым-жырымдары (2018), Коркыт атанын мурасы (2018), тогуз кумалак (2020), шумкарчылык (2021), Кожо Насреддин жөнүндө тамаша айтуу салты (2022), өртек (2022), Наурыз (2024), беташар үйлөнүү аземи (2024), ошондой эле боз үй жасоонун салттуу билимдери жана көндүмдөрү (2025) кирет. Алардын айрымдары тизмеге башка өлкөлөр менен биргеликте киргизилген.