Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Казакстандын энергетика министри Эрлан Аккенженов өкмөттүк брифингде Казакстандын экинчи атомдук электр станциясын куруу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.
Жергиликтүү Казинформ маалымат агенттиги билдиргендей, биринчи “Балхаш” атомдук электр станциясын курууну россиялык консорциумдун катышуусу менен ишке ашыруу пландалып жатат. Ал эми экинчи “Мойынкум” АЭСин куруу боюнча Кытайдын улуттук атомдук корпорациясы менен кызматташтык иштелип чыгууда.
“Келишимдин параметрлери жана мөөнөтү талкууланууда. Долбоорлор 2035-жылга чейин ишке ашат деп күтүп жатабыз", - деди Эрлан Аккенженов.
Буга чейин “Мойынкум” АЭСинин курулушун баштоо боюнча ар тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү болгон. Казакстандагы экинчи атомдук электр станциясын Балхаш көлүнүн жээгинде, Алматы облусунун Жамбыл районунда куруу пландалууда.