Өзбекстанды кууп жеткен Кыргызстан: Ыңкылаптар өлкөсүнөн аймактын жолборсуна чейин

Борбор Азия
Өзбекстанды кууп жеткен Кыргызстан: Ыңкылаптар өлкөсүнөн аймактын жолборсуна чейин

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан кыска убакытта жеткен экономикалык ийгиликтер чет элдик талдоочулардын көңүлүн бурууда. Бул жолу коңшу Өзбекстандын “Daryo” интернет басылмасы “Өзбекстанды кууп жеткен Кыргызстан: Ыңкылаптар өлкөсүнөн аймактын жолборсуна чейин” аттуу видео материалды жана “Коңшулардын экономикалык кереметинин сыры эмнеде?” темасындагы көлөмдүү аналитикалык макаланы жарыялады. Авторлор биздин өлкө экономикалык өсүш боюнча аймактагы жана дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланганын, көз карандысыз эксперттер кыргыз экономикасынын керемети жөнүндө байма-бай сөз кыла башташканын белгилешкен.

Өзбекстандын “Daryo” интернет басылмасынын журналисттери өзбекстандык аналитиктер менен биргеликте биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүү жагдайларын кеңири талдоого алган.

Авторлордун баамында буга чейин эл аралык коомчулук Кыргызстанга саясий туруксуздуктун призмасы аркылуу карап келген. Өлкө үч революцияны жана беш президенттик алмашууну башынан өткөргөнүн эскертип, бирок, бүгүнкү күндө абал түп-тамырынан бери өзгөрүп, дүйнөлүк банктын аналитиктери жана көз карандысыз эксперттер "кыргыз экономикалык керемети" жөнүндө айтып жатышканын, ал эми Кыргызстандын өзү "Борбор Азиянын жолборсу" деп атала баштаганы белгиленген.

Сөз куру болбошу үчүн жергиликтүү кабарчылар Дүйнөлүк банктын маалыматын келтиришкен. Ага ылайык, 2025-жылы Кыргызстан экономикалык өсүшүн 11,1 пайызга жеткирген. Жалпысынан алганда, 2021-2025-жылдар аралыгында өлкөнүн ИДПсы дээрлик 50 пайызга өсүп, дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан үч экономиканын бирине айланган. Муну Кыргызстандагы курулуш темпи кескин жогорулаганы, "Бишкек Арена" сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштаганы жана өзбектердин эмгек миграциясынын багыттарынын бирине айланып жатканы тастыктайт.

Аналитикалык материал “Коңшулардын экономикалык кереметинин сыры эмнеде?” деген суроо менен уланган. Өзбекстандык талдоочулар өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү катары Кумтөр алтын кенин толугу менен улутташтыруу, курулуш жана инфраструктуранын болуп көрбөгөндөй өсүшү, туризмдин өнүгүшү, ошондой эле логистикадан түшкөн кирешени аташкан.

Ал эми өсүштүн негизинде бийликтин борборлоштурулуп, коррупцияга каршы күрөш мафияларга гана эмес, аларга аралашып калган саясий топторго да каршы экени айтылган. Автор эми инвесторлор кылмыштуу топтор жана алар үчүн иштеген саясатчылар менен эмес, мамлекет менен эсептешүүгө аргасыз болушканын, бул ата мекендик жана чет элдик капчыктуулар үчүн бир түрдүү "жашыл жарык" экенин белгиленген. Басылма, 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанга жалпысынан 5,4 млрд долларга жакын түз чет элдик инвестиция киргенин жазган.

Ал эми Кумтөрдүн кайтарылышы Кыргызстан эле эмес бүткүл Борбор Азия үчүн чоң сабак болгонун, ал Садыр Жапаровдун эң көрүнүктүү жана каржылык жактан негизделген кадамдарынын бири экени айтылган. Журналист анын экономикалык таасирине токтолуп, улутташтырылгандан кийинки беш жылдын ичинде мамлекеттин кенден алган таза пайдасы 5,115 млрд долларды, салык кирешелери 1,176 млрд долларды, ал эми төлөнгөн дивиденддердин суммасы 441 млн долларды түзгөнүн тизмектеп берген. Өзбекстандын экономисттери бул ишти улуттук кызыкчылыктарды коргоонун үлгүлүү мисалы деп аташты.

Өзбекстан биздин өлкөдөгү курулуштар жана ири долбоорлордун жүрүшүнө да тыкыр көз салып турушат. 2025-жылы курулуш 21,1% га өсүп, 2026-жылдын алгачкы жети айында ал дээрлик 60,6% га кескин жогорулаганы белгиленген. Мамлекет бул өсүштү камсыз кылууда инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге жана ири көлөмдөгү мамлекеттик ипотекаларга активдүү инвестиция салууда. Ага улай Өзбек басылмасы Камбар-Ата-1 ГЭСи, ​​50 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган "Бишкек Арена" спорттук-маданий комплекси, "Ала-Тоо" курорттук лыжа кластери туурасында да айта кеткен. Бир эле Терек-Таш цемент заводу импортту 47 миллион долларга кыскартып, ЕАЭБге экспортту 8 миллион долларга көбөйткөнү белгиленди.

Кыргызстандагы экономикалык тездик менен өсүү бир гана алтын жана курулуш тармагына байланыштуу эмес, деди автор. Чындыгында бул процессте соода, транспорт, каржы, байланыш жана башка тармактар ​​да чоң роль ойнойт.

Материалда Кыргызстандагы туризмге өзгөчө көңүл бурулган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы өлкөгө 5,31 млн турист келген. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 45,2 пайызга көп. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул аралыкта туристтик кызматтардын экспортунан түшкөн киреше 1,1 миллиард долларга жеткен. Өлкөнүн ИДПсында туризмдин үлүшү 3,8 пайызды түздү. 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 7 пайызга чейин көбөйтүлүшү керек.

Коңшу өлкөнүн журналисти Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу туурасында сөз кылып жатып, бул долбоор биздин өлкөнүн бюджетине жарым млрд долларга чейин киреше алып келерин белгилеген.

Ал эми эмгек миграциясы боюнча кесимде кызыктуу бир парадокс туурасында белгилүү болду. Ал кыргыздар жогорку киреше издеп Россияга кетип жаткан учурда, Кыргызстан өзү Өзбекстандан келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу багытка айланып баратканы. Аналитиктер Кыргызстанда иштеген өзбек мигранттарынын санынын көбөйүшүнүн биринчи себеби, Кыргызстандагы орточо эмгек акы Өзбекстанга караганда жогору экенинде.

Айтмакчы, видео материалда орточо айлык акыга келгенде Кыргызстан Өзбекстандан ашып кеткени туурасында айтылат. 2026-жылга карата өлкөдө орточо эмгек акы 630 долларды түзөт. Өзбекстанда бул көрсөткүч 593 доллар.

Чындыгында, кыргыз өкмөтү социалдык тармактагы маяналарды кескин жогорулатууга жетишти. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдө мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы дээрлик эки эсеге жогорулады. Натыйжада мектеп мугалимдери орто эсеп менен 578 доллар ала башташкан. Өзбекстанда бул көрсөткүч биринчи жарым жылдыкта 390 долларга барабар болгон. Интернет басылма кыргыз өкмөтү дарыгерлердин орточо айлыгы 715 долларга жете турганын билдиргенин, Өзбекстанда саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында орточо айлык 371 доллар экенин кошумчалаган.

Ал эми пенсия боюнча, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып, Кыргызстандагы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлдү. Натыйжада, минималдуу пенсия 101 долларга, ал эми орточо пенсия 147 долларга жетти. Өзбекстанда пенсиянын минималдуу суммасы 82 доллар.

Кыргыз өкмөтү социалдык кызматкерлердин кирешесин жогорулатуу боюнча укмуштуудай саясат жүргүзүп жатат. Бул туурасында өзбекстандык экономист Отабек Бакиров “Daryo” басылмасына берген маегинде билдирген.

“Коңшулаш Кыргызстандагы мугалимдердин жана дарыгерлердин коомдогу кадыр-баркын жана абалын көтөрүү сөз жүзүндө жана ураандар менен гана эмес, иш жүзүндө да мамлекеттик саясатка айланып баратат. Элдик курултайдагы сөзүндө президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысын 100% же 2 эсеге көтөрүүнү жарыялады. Ооба, албетте, кимдир бирөө Кыргызстанда президенттик шайлоого байланыштуу айлык акылар көтөрүлүп жатканын айтышы мүмкүн. Бирок, моюнга алуу керек, учурда Кыргызстанда байкалып жаткан жогорку экономикалык өсүш калктын кеңири катмарына, айрыкча социалдык топторго жагып жатат. Биз кошуналарыбыз үчүн кубанычтабыз", - деди Отабек Бакиров.

Өзбекстандык экономист, экономика илимдеринин доктору, профессор Тогир Бобокулов 2021-жылдан баштап, сырттан тартылган тышкы каражаттар экономиканын реалдуу секторун жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого багытталып жатканын белгилеген. Ал биздин өлкөнүн жетишкендиктеринин айрымдары үлгү экенин айтат.

“Учурда Кыргызстанда калктын жан башына өсүү темпи жогору. Эгерде Өзбекстандагы өсүү темпи өзгөрбөсө, алар бизди басып өтүшөт. Эмне үчүн? Биринчиден, калктын кирешеси жылына 28 пайызга чейин өсүп жатат. Экинчиден, Өзбекстандын калкы болжол менен 40 миллион адам. Кыргызстанда 7 миллион киши. Ошондуктан, жан башына кирешени эсептөөдө бул Кыргызстанга артыкчылык берет. Биздин калкыбыз Кыргызстандыкынан алты эсе көп. Андыктан, жан башына кирешени эсептөөдө, эгерде өсүү темпи жогору болбосо, биздин көрсөткүч төмөндөйт.
Бирок, тилекке каршы, эгерде өлкөбүздөгү кырдаал өзгөрбөсө, Кыргызстан жан башына киреше боюнча бизден сөзсүз ашып түшөт. Абалды өзгөртүү үчүн биз алгач Кыргызстандын жетишкендиктеринин бирин кайталашыбыз керек. Бул өлкө мамлекеттик бюджеттин профицит менен аткарылышын камсыз кылды. Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин профицити ИДПнын 2,5 пайызын түзгөн. Бул абдан чоң жетишкендик”, - деди Тогир Бобокулов.

Материалдын автору, ошондой эле баштапкы этапта мамлекеттик инвестициялар, ири масштабдуу курулуш долбоорлору жана колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдалануу калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн жетиштүү болушу мүмкүндүгун айтат. Бирок, экономика өскөн сайын, мындай тез темптерди сактоо барган сайын кыйын экенин белгилеп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү, жеке бизнести жана атаандаштыкты өнүктүрүү сымал иштер аткарылышы зарылдыгын кошумчалаган.