Ташиев Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушун текшерди

Коом 15 ноябрь 2025 16:30
1.jpg
581415402_1341815054392977_4239971293209846471_n.jpg
581423071_1341814847726331_7442292928191086095_n.jpg
581999601_1341814711059678_918409106533269973_n.jpg
582542291_1341814961059653_3362555697217531632_n.jpg
582901857_1341814927726323_1749285946689930304_n.jpg
583222778_1341814457726370_9198745752146763671_n.jpg
583322660_1341814731059676_956803537816003028_n.jpg
583866133_1341814737726342_4374240984158049723_n.jpg
583943386_1341814837726332_6906295617355281355_n.jpg
584073165_1341814714393011_65920767347543073_n.jpg
584402230_1341814967726319_8870600061444906398_n.jpg
584570254_1341814844392998_6932001166542505656_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулуш аянтчасына барып, иштердин жүрүшүн жеринде текшерди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ал алгач учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койду.

Ташиев андан соң терминал имаратынын курулушун көрүп чыкты. Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу терминал саатына 350 жүргүнчүнү тейлей алат. Долбоор этап менен ишке ашууда, учурда экинчи баскычы жүрүп жатат.

Жаңы аэропорт 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки рулеждик жол жана алты учак токтоочу аянтча менен 4E категориясына ылайык курулууда. Бул болсо Boeing 737, Airbus A320/321 сыяктуу орто жана ири класстагы учактарды кабыл алууга жол ачат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-майында капсула салуу аземине президент Садыр Жапаров катышкан. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, аэропорттун курулушу толук бойдон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө турат.