Бишкек, 07.01.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Айбек Бийбосунов тарткан "Президент" аталышындагы даректүү тасманын үчүнчү бөлүгүндө Садыр Жапаров бийликке жаңы келгенде кандай тапшырмаларды койгонун айтып берди.
Анын айтымында, Жапаров 3 негизги тапшырманы койгон.
"Биринчи негизги маселе, коррупция менен күрөшүү, экинчиси уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек араны чечүү маселелери болгон. Эгерде ушул 3 маселени чече ала турган болсок, анда мамлекетибиз жакшы жашайт. Ушул 3 маселени чечишибиз керек деп айткан", - деди Ташиев.