Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Кызматка келгенде досторумдун жана туугандарымдын 70 пайызын жоготтум десем болот, - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген маегинде.
Ташиев жакын туугандарына чейин камакка алып, алар менен бирге чай ичишпей калганын айтты.
“Чогуу жүргөн көптөгөн тааныштар, достор жана тууган-урук менен катташпай калдым. Себеби, мен жакындарымды камакка алдым. Ачык айтсам, бүгүнкү күндө менин бир кудагыйым 2022-2023-жылдары кылган кылмышы үчүн УКМКнын Тергөө абагында отурат. Аны чыгарабыз деп мага кимдер гана келген жок. Бирок, мен үчүн мамлекеттеги тартип маанилүү. Ички, сырткы коопсуздукту камсыз кылуучу органдын жетекчиси катары өзүм принципиалдуу болбосом, анда бул мамлекеттик органды башкара албай калам”,- дейт Ташиев.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө саясий эрки жеткенин жеңиш катары белгиледи.