Таш-Көмүрдө 50 млн долларга цемент заводу курулат

Аймак 13 февраль 2026 09:00
633965182_2011131969754057_8727752338426237039_n.jpg
629784039_2011129253087662_4994486725054230525_n.jpg
631664354_2011131986420722_803956884561989774_n.jpg
631678915_2011132023087385_1635798207724032443_n.jpg
634964269_2011128886421032_5149866981592118666_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында цемент заводунун курулушу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, макулдашуу министрлер кабинети менен "Юг Евро Цемент" ЖЧКсынын ортосунда түзүлүп, документке президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана компаниянын жетекчиси кол койду.

Инвестициялык долбоордун алкагында Таш-Көмүр шаарында буга чейин башталган цемент заводунун курулушун толук аяктап, ишке берүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 50 млн доллардан ашат. Завод пайдаланууга берилгенден кийин 250гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.