Рекорд жаңыланды: Былтыр темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннадан ашты

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 14:56
7d66fee03ec0183e052b66c46c8e6cdc.JPG
copyright icon WWW

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. 2025-жылы темир жол аркылуу 10 млн тоннадан ашык жүк ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана 2025-жылы темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө жетишти. Узак убакыт бою өлкөдө темир жол аркылуу жүк ташуунун орточо жылдык көлөмү болжол менен 7 млн тоннаны түзүп келген.

"2022-жылдан баштап туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ташуу көлөмү 9,2 млн тоннага жетсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10 млн тоннадан ашты. Бул "Кыргыз темир жолунун" бүткүл тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жүк ташуу көлөмүнүн өсүшү өндүрүштүк ишмердүүлүктөгү да, темир жол коридорлорун жана маршруттарын өнүктүрүүдөгү да бир катар факторлор менен шартталган.