Тарыхый алгачкы сапар: Кыргызстан менен Сейшел Аралдары эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдө

Саясат Загрузка... 04 Май 2026 14:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Бул сапар Сейшел Аралдарынын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Кыргызстанга эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы алгачкы сапары экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдарынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жолугушууларды өткөрүү да пландалууда.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 3-6-май күндөрү Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргызстанга расмий сапар менен келди.