Таразда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Коом 29 июнь 2026 19:44
ce794155-456e-30e9-bc31-c824cd255286.jpeg
IMG_1043.jpeg
cdbf0745-5915-3078-bddd-f81be61754de.jpeg
2497b66f-73fb-37b3-8057-b9052c285854.jpeg
8a18d1ed-e8ad-3cbc-9604-e8a4963ebe22.jpeg
1248ff29-dc15-3b98-98c9-704497a02c54.jpeg
33210e18-7b4d-3496-baea-2441959302a3.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкулов, Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Алибий Жуманов, жаңы дайындалган ардактуу консул Жанузак Бейсеубаев жана эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Ачылыштын алкагында Талас жана Жамбыл облустарынын ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган бизнес-жолугушуу уюштурулду.

Катышуучулар бул кеңсенин ачылышы кыргыз-казак мамилелерин чыңдоодо жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүдө маанилүү кадам болорун белгилешти.

Жолугушуудан соң Талас облусунун делегациясы Жамбыл облусундагы «Dala Glass» айнек заводу, Кардиохирургия борбору жана тарыхый музейдин ишмердүүлүгү менен таанышты.