Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Жакында "Тамга - Каракол" 220 кВт электр линиясын курууга сынак жарыяланып, курулушу башталат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, каражат маселеси боюнча Ислам банкы менен келишим түзүлүп, учурда консультанттар иш алып барууда.
“Ислам банкы менен келишим түзүлүп, “Тамга-Каракол” линиясын куралы деп жатабыз. “Кумтөр” курулган кезде Балыкчыдан Тамгага чейин 220 кВт линия тартылган. Эми ошону 90 км жакын линия менен Караколго чейин жеткирүү пландалууда.
"Тамга - Каракол" линиясын курууга каражат маселеси Ислам банкы менен чечилип, консультанттар тендердик документтин даярдаса, сынак өткөрөбүз да курулушту баштайбыз. Белгилүү болгондой, “Ала-Тоо Резорт” туристтик лыжа базасы курулуп баштады, ал жерге 78 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясы келечекте керектелет. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына чейинки Түп-Кеген жолу бүткөн. Ал жакта да чоң туристтик потенциал бар. Жай мезгилинде ал жерге көп туристтер каттап жатышат”, - деди Ибраев.
Ошондой эле ал Каракол шаары, Ак-Суу жана Түп району баш болгон дээрлик Ысык-Көл облусу келечекте туристтик хап болоорун кошумчалады.