Таласта борбордук аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө — Кабар

Таласта борбордук аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 12 июнь 2026 18:05
721248684_1510976883834689_1997582068224440564_n (1).jpg
723118790_1510976947168016_7547243297931656396_n.jpg
724004835_1510977150501329_776012867381072389_n.jpg
721951126_1510977097168001_4850167432049583071_n.jpg
720830877_1510976817168029_2543306480337460502_n.jpg
723085254_1510976960501348_6646168568091008753_n.jpg
721248684_1510976883834689_1997582068224440564_n.jpg
720624373_1510976807168030_7065876480704358316_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарындагы К.Нуржанов атындагы борбордук аллеянын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган долбоор шаарды көрктөндүрүүгө, тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, аллея аймагында жарандар үчүн эс алуу зоналары, соода түйүндөрү, гүлдөрдүн галереялары, отургучтар, жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жолдор, ошондой эле эне жана бала үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Мындан тышкары, аймакты жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да комплекстүү түрдө ишке ашырылат.

Бул объект ишке берилгенден кийин шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап коомдук мейкиндик түзүлөт.