Талас облусунун башчысы канча маяна аларын айтты

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 10:15
WhatsApp_Image_2025_P6XLN0q.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев 60 миң сом маяна аларын Кабар подкастка маек берип жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө маянадан тышкары, чакан ишкерлиги бар экенин жана аны менен келинчеги алектенерин айтып өттү.

“Азыркы учурда үй-бүлөнү бир гана маяна менен багыш оор. Ысык-Көлдө кичине чакан ишкерлигибиз бар. Азыр ал иштер менен келинчегим алектенет. Андан тышкары, мал кармайбыз. Азыр колума тийгени 60 миң сом маяна алам”,- деди Жумаев.

Ошондой эле ал мамлекетке чын дилинен кызмат кылып, артында өсүп келаткан көптөгөн жаштарга үлгү көрсөтүү ниети бар экенин кошумчалады.