Талаадагы топуракты изилдейт: Студенттер көчмө лаборатория ойлоп табышты

Коом
947e799d-0f43-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
382c82a4-23a3-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
f93559cf-5fe6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
15d60ecd-aa97-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon www

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсүндө AgroScan KG долбоорун тааныштырышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине долбоордун авторлору, студенттер Айжан Калматова менен Баел Мусаев билдиришти.

Стартап дыйкандарга атайын көчмө жабдуунун жардамы менен топурактын курамын жеринде экспресс-анализден өткөрүү кызматын сунуштайт.

"Биз талаага барып, топуракты изилдеп беребиз. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кайсы жер семирткичти канча көлөмдө колдонуу керектиги жана кайсы өсүмдүктү эгүү ылайыктуу экени боюнча конкреттүү сунуштарды беребиз", — деп белгилешти студенттер.

Долбоордун негизги максаты — топуракты изилдөөнү ар бир дыйкан үчүн жеткиликтүү кылуу. Ар бир эле фермер кымбат баалуу лабораториялык изилдөө жүргүзө албагандыктан, мындай көчмө кызмат аркылуу ашыкча чыгымсыз эле түшүмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүк алат.