Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай улуттук спорт түрлөрү аркылуу оюндардын спорттук программасын тааныткан “Мурас-Кыймылда” аттуу атайын видеотасмалар сериясы сунушталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч видеоролик көчмөн элдердин кылымдар бою жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп келген жана улуттук спорт түрлөрүндө чагылдырылган үч негизги сапатты: тактык, ылдамдык жана күчтү баяндайт .
Бул ирет “Тактык” видеоролиги тууралуу баяндайбыз. Мында ордо, салттуу жаа атуу жана салбуурун камтылып, мергенчиликке, сабырдуулукка жана стратегиялык ой жүгүртүүгө негизделген чеберчилик чагылдырылат.
Катчылыктан белгилешкендей, “Мурас-Кыймылда” үч окуяны бир бүтүн баянга бириктирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын бүгүнкү күнгө чейин жашап келген, жаңы муундарга өтүп жаткан жана өткөндү, бүгүнкүнү, келечекти байланыштырган салттар аркылуу ачып берет.