Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды "МБанк", "Элдик" жана "Түндүк" мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.
"Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Лицензия берилгенден кийин анын маалыматтары мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
ЖКККББ бардык жүргүнчү ташуучуларды лицензияларын өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.