Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынан чыккан кыргыз тайганы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын атынан жарышка катышып, биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу тайгандын ээси Асылбек Козугулов билдирди.
Анын айтымында, Жебе аттуу тайган эки жарым жашта. Ал кичинесинен бери аңчылыкка үйрөтүлүп, жарыштарга даярдалып келет.
“Бул тайганды кичинесинен бери үйрөтүп, таптап келдик. Мурдагы жылы Чолпон-Атада жарым финалга чейин чуркап, биринчи орунду алган. Бирок, Кыргызстандын курамына кошулбай калгандан кийин башка мамлекеттин атынан жарышка катышып жатабыз”, — деди ал.
Козугуловдун белгилешинче, Жебе бул мелдеште 400 метр аралыкка чуркаган. Ал тайган багууну ата-бабадан калган салт катары баалай турганын белгиледи.
“Тайган таптоо ата-бабадан калган салт. Ушул салтты сактап калалы деп, колдон келишинче тайган багып, аларды таза кармап келебиз. Жебе — накта кыргыз тайганы”, — деди ал.
Козугулов үчүнчү орунду да Өзбекстандын атынан чыккан кыргыз тайганы ээлегенин маалымдады. Ал эми экинчи орунду Талас облусунун Бакай-Ата районунан келген тайган ээлегени белгиленди.