Жай мезгилинде Кыргызстанга келген туристтердин саны кескин көбөйөт. Биздин өлкө аларды беш жылдыздуу мейманкана же кымбат тейлөө менен эмес, технологиядан жана санарип дүйнөдөн алыстап, жаратылыш менен эриш-аркак болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн кызыктырат. Күн сайын келген билдирүүлөрдөн, социалдык тармактардан жана ыкчам ритмден чарчаган адамдар өздөрүн башкача шартта сынап көрүп, Азиянын чок ортосунда өзгөчө эс алууну тандашат.
Кыргызстанга келгендер көчмөндөрдүн жашоо-турмушу менен жакындан таанышып, аны бир нече күндүн ичинде эле сезе алышат.
Эс алуучулар эң көп барган жерлердин бири — деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан кооз бийик тоолуу Соң-Көл жайлоосу.

Мындай форматтагы төрт күндүк саякат туристтер үчүн жөнөкөй шарттарда жашоону талап кылат. Бул дүйнөлүк заманбап шарттар сыяктуу ыңгайлуулуктар жок, мобилдик байланыш начар, шаардагыдай шарттар да кездешпейт. Түнү боз үйдө түнөп, бир нече саат ат менен жол жүрүп, тоодогу өзгөрмө аба ырайына көнүүгө туура келет. Айрымдар үчүн мындай эс алуу сыноо сыяктуу сезилсе, башкалар дал ушундай тажрыйба үчүн дүйнөнүн ар тарабынан келишет.
Австралиялык 31 жаштагы Луиза саякаттоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, көчмөн маданияты сакталган Монголия, Казакстан жана Кыргызстан кошулган 3 өлкөнү тандаганын айтат. Ал көчмөндөрдүн жашоо-турмушуна көптөн бери кызыгып келгенин жана аны өз көзү менен көрүүнү каалаганын белгилейт.
“Менимче, эң эсте калганы — кыргыз эли менен өткөргөн убакыт болду. Соң-Көл укмуштуудай кооз, бирок бир дагы пейзаж ал жерден жолуккан адамдардын пейилине жана сулуулугуна тең келе албайт. Бул өзүм өскөн жердин пейзаждарына такыр окшобогон, абдан жагымдуу мейкиндик эле”,-дейт ал.
Саякаттын башталышында топтун унаасында көйгөйлөр жаралган. Туристтин айтымында, жергиликтүү тургундардын жана башка айдоочулардын аларга жардам берүүгө даяр экендиги аны абдан таң калтырган.

"Алардын өзгөчө мамилесинен улам, биз унаа көйгөйүнө карабастан, ал күндү жакшы маанайда өткөрдүк Кыргызстанга дагы бир жолу келүүнү каалайсызбы деген суроого ал эч ойлонбостон дагы да келе тургандыгын айтты",-дейт Луиза.
“Кыргызстанда көрө турган жерлер абдан көп экен. Биз өлкөнүн аз гана бөлүгүн көрдүк деп ойлойм. Бул жакка кайра келип, дагы көп жерлерин кыдыргым келет”, - деди саякатчы.
Азыркы учурда адамдар тынымсыз келген билдирүүлөрдүн, иш графигинин жана түгөнбөгөн маалымат агымынын ичинде жашап жатышат. Ошондуктан барган сайын мындай саякаттардын баалуулугу артууда.
Саякатчылардын айтымында, мындай жерлерге барып келүү жашоого башкача көз караш менен кароого жардам берет.
Анда адамдар эмне үчүн мындай эс алууну өз каалоосу менен тандашат?
Италиялык саякатчы Ванесса мындай форматтагы эс алууну жөн гана кызыгуудан улам тандаганын айтат.
“Кыргызстанды тандаганымдын себеби бул өлкө тууралуу маалыматым дээрлик жок болчу. Дал ушул белгисиздик мага көпчүлүк туристтер бара турган белгилүү жерлерге караганда кызык сезилди”, — дейт ал.
Анын айтымында, асман тиреген тоолор менен чексиз жайлоолордун арасында жүргөндө күнүмдүк көйгөйлөр анчалык маанилүү болбой калат.

“Ушундай кооз жаратылыштын арасында болуп, мындай дүйнөгө аралашканда түйшөлткөн күнүмдүк нерселер чындыгында анчалык деле маанилүү эмес экенин түшүнөсүң”, - дейт италиялык саякатчы.
Ал кечинде жаңы тааныштары менен сүйлөшүп, күлкү жана тамаша менен өткөргөн учурларды жылуу эскерет. Ошондой эле Соң-Көлдө өткөргөн түнү да эсинде калган.
“Ал жакта эч кандай жарык жок болгондуктан асмандагы жылдыздар абдан даана көрүнүп турду”, — дейт ал.
Жапайы жаратылыш курчаган бийик тоолордун арасында төрт күн бою ат менен жүрүп, көчмөндөрдүн жашоо-турмушун өз көзүң менен көрүү Кыргызстанга келген туристтер үчүн өзгөчө тажрыйба. Дал ушул жерден көптөр өздөрү үчүн жакын жана баалуу нерсени табышат.
“Бул жактан кетүү мага оор болууда. Анткени жакында баарыбыз ар кайсы жакка тарап кетерибизди түшүнүп турдум”, - деп эскерет Ванесса.
Адамдар бүгүнкү күндө дүйнөнү таанып, жаңы нерселерди билүүгө кызыгышат. Алар бул жакка ыңгайлуу шарт издеп келишпейт. Бирок кайра кетип жатканда күнүмдүк жашоодо көп жетишпеген нерселер болгон тынчтыкты, жандуу баарлашууну, эркиндик сезимин жана жаратылыш менен болгон байланышты сезишет.
Ошондуктан көптөр үчүн комфорт аймагынан чыгып эс алуу сыноо эмес, тескерисинче, саякаттагы эң унутулгус учурлардын бирине айланат.