Өлкөдө туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Мындан улам сел кесепеттерин алдын алууга өзгөчө маани берилиши шарт. Бул багытта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мерчемделген иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Ошол эле маалда жарандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аткара турган милдеттер да бар. Дал ушул иштер тууралуу "Кабар" агенттиги кененирек токтолот.

Сел коркунучу жаралганда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүүлөрдү СМС аркылуу же ЖМКлар аркылуу таратат. Анда айрым учурларда коркунуч бар аймактар так көрсөтүлөт. Мындан тышкары, министрликтин райондордогу бөлүмдөрүнүн адистери элге түшүндүрүү иштерин тынымсыз алып барышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башкы адиси Адилбек Чаргынов билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер сел коркунучу пайда болгондо жана аны алдын алууда жүргүзүлөт.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өтө кооптуу деп эсептелген аймактарды тазалоо иштери боюнча атайын алдын алуу планын түзөт. Ага ылайык, техникалар тартылып, күйүүчү май менен камсыздалат. Андан соң жээктерди бекемдөө жана суу нугун тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, өтө кооптуу деп эсептелген тилкелерде сел өтүүчү каналдар аныкталат", — деди ал.

Сел кооптуулугуна байланыштуу зарылдыгына жараша сел тосмолору орнотулат. Алар калктуу конуштарды селден коргоп, суунун нугун башка каналдарга буруп турат.
Өлкө аймагында бир катар сел тосмолору бар. Сел жүргөндөн кийин алардын ичине топурак-ылай жана бак-дарактар толуп калат. Мына ошондуктан, сел өтүүчү жерлерди убагында тазалоого өзгөчө маани берүү абзел.

Негизги иштер жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аткарылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги корутунду чыгарып бергенден кийин, атайын техникалардын жардамы менен иштер жасалат. Ал эми күч-каражат жетишпей калган учурда, ӨКМ көмөктөшүп, биргелешкен иш алып барылат. Ошол эле маалда айыл ичиндеги арыктардын акыр-чикирге толуп калган учурлары жок эмес. Буга байланыштуу адистер ар бир жаран өз турак жайынын айланасын тазалоону унутпашы керектигин эскертишет.
"Биз жакында эле аймактарды кыдырып жүрүп, сел өтүүчү тилкелерде эс алуу борборлору, боз үйлөр жана жеңил курулган имараттарды көрдүк. Биз аларга эскертүү берип, курулуштарды демонтаж кылууну талап кылдык. Ар бир жаран үйүнүн алдынан өткөн арыкты тазалап, коңшуларынан да ошону талап кылышы зарыл. Биргелешкен аракеттин натыйжасы гана коопсуздукту камсыздайт", — деди ӨКМдин өкүлү.

Өлкөдө туруксуз аба ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү тобокелдиги жогору. Айрыкча тоолуу аймактарда сел коркунучу күч алат.
Сел жүргөндө жарандар эң алгач электр жабдууларын өчүрүп, өмүргө кооптуу болгон каражаттардан алыс болуусу кажет. Жанына керектүү документтерди алып алышы керек.

Адистердин сунушуна ылайык, өзгөчө тоолуу аймактарда, дарыя жана сайларга жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары төмөнкү эрежелерди сактоосу зарыл:
- Үйдүн тегерегиндеги арыктарды жана суу өтүүчү түтүктөрдү таштандыдан, ылайдан өз убагында тазалоо;
- Жаан жааган учурда дарыя жээктерине жана сел жүрүүчү кокту-колотторго жакын барбоо;
- Расмий мекемелердин билдирүүлөрүнө жана аба ырайы тууралуу эскертүүлөргө дайыма көңүл буруу;
- Үй-бүлө мүчөлөрүнө кооптуу абал жаралса, кайсы тарапка эвакуациялануу керектигин алдын ала түшүндүрүү.
"Эгерде сел жүрүү коркунучу жаралса, дароо коопсуз жайга (дөбөлөргө) чыгып, коңшуларга кабар бериңиз. Суунун агымы күтүлбөгөн жерден катуулашы мүмкүн экендигин эстен чыгарбаңыз. Жогорудагы эрежелерди сактоо өмүрдү коркунучтан коргойт. Кооптуу абал жаралса, тез арада '112' бирдиктүү куткаруу кызматына чалыңыз", — деп эскертет адистер.
Алдын ала көрүлгөн чаралар адам өмүрүн сактап калууга жана материалдык чыгымдарды азайтууга жардам берерин унутпаңыз.