Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 09:40
672233638_1429937255848791_9187992795295063957_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде эртең мененки саат 08:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жол ачык, бирок бороон болуп жатат. Кызматкерлер тарабынан жолду тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу.