Төө-Ашуу жана Өтмөктө жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом Загрузка... 10 Март 2026 10:10
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 10-март күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, азыркы учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө.

Белгилей кетсек, 15-мартка чейин аба ырайы туруксуз болуп, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландап, унаалардын техникалык абалын текшерип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.