Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат – 08:30га карата ашуулардагы абал

Аймак 16 февраль 2026 08:50
631940454_18041282102733957_1538068220946343219_n.jpg
628407837_18041282111733957_8944891222137760613_n.jpg
631833326_18041282120733957_6791282595391584057_n.jpg
635167080_18041282129733957_8032544736756465319_n.jpg
Алдыга
Артка
631940454_18041282102733957_1538068220946343219_n.jpg
628407837_18041282111733957_8944891222137760613_n.jpg
631833326_18041282120733957_6791282595391584057_n.jpg
635167080_18041282129733957_8032544736756465319_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Өлкөнүн негизги жолдорундагы ашууларда кар жаап, күн бүркөк болууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы бүгүн, саат 08:30га карата берген маалыматында билдирди.

Ишкананын билдирүүсүнө ылайык, учурдагы кырдаал төмөнкүдөй:

  • Бишкек – Ош жолу: Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.
  • Суусамыр – Талас – Тараз жолу: Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
  • Ысык-Көл багыты: Барскоон – Ак-Шыйрак (Сөөк ашуусу) жана Каракол – Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу) жолдорунда күн бүркөк, каттам үзгүлтүккө учураган жок.
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жолу: Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы туруктуу.

Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. "Кыргызавтожол" ишканасы жол кырдаалы толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.