Төө-Ашуу жана Өтмөктө чектөө бар – 09:00гө карата ашуулардагы абал

Аймак 13 Февраль 2026 09:13
632037761_1218116567163754_6144942025937141972_n.jpg
632152688_1218116573830420_432903648917125648_n.jpg
633441586_1218116570497087_495536746714164556_n.jpg
633748667_1218116650497079_4769451418188659856_n.jpg
634161188_1218116653830412_6223858453353506101_n.jpg
Алдыга
Артка
632037761_1218116567163754_6144942025937141972_n.jpg
632152688_1218116573830420_432903648917125648_n.jpg
633441586_1218116570497087_495536746714164556_n.jpg
633748667_1218116650497079_4769451418188659856_n.jpg
634161188_1218116653830412_6223858453353506101_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00го карата өлкөнүн негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль күнү саат 03:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн бүркөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болуп, кар жаап жатат. Каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кечээ саат 17:00дө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 198-чакырымында болжол менен 07:30 чамасында кайра 1000 куб метр кар көчкү түшүп, жерине техникалар тартылууда. Учурда каттам убактылуу жабык.

Ошондой эле Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүнүн 243-296-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Каттам эки тараптуу жабык.

Кочкор – Арал – Төө-Ашуу унаа жолунун 135–160-чакырым аралыгында (Арал – Кызыл-Ой участкасы) жааган кардан улам түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылы үчүн каттам ачык.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.