Сын-пикирлерди туура кабыл алып, оңдой билүү керек – транспорт министри

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 18:15
soltobaev.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Сын-пикир көпчүлүк учурда жумушка жардам берет жана анын үстүндө туура иштей билүү зарыл. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин подкастында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Ошол эле учурда ведомство башчысы коомдук пикирге болгон реакцияга тандалма мамиле кыларын белгиледи.

"Ачыгын айтайын, мен айтылган ар бир сын-пикирге жооп берүүнүн эч кандай маанисин көрбөйм. Мактоолорго да ушундай эле мамиле кылам, мен тууралуу жакшы сөз айткандарга расмий түрдө ыраазычылык билдирип чыкпайм. Ошондой эле бизде интернетте көп учурда: "Мына, карагылачы, жолдун тигил же бул тилкесинде ката кетти", - деген маанайдагы билдирүүлөр жарыяланып калат. Андайда кээ бир жетекчилерибиз дароо коомчулук алдында актана башташат. Муну көргөндө мен аларга мындай билдирүүлөрдү өчүрүүнү айтам. Кол алдымдагыларга: Актанып акыл үйрөтпөгүлө. Эгер ал жерде чын эле кемчилик кеткен болсо, аны жөн гана моюнга алып, ката оңдолду деп айткыла. Эмнеге шылтоо издейсиңер? Сын-пикирди туура кабыл алып, кемчиликтерди жөн гана четтеткиле деп айтам", - деп бөлүштү министр.

Талантбек Солтобаев мамлекеттик кызматта сын-пикирлер кээде адилетсиз болсо да, аларга туруктуу чыдай билүү керектигин, анткени "эл оозунда элек жок" экенин кошумчалады. Ошондой эле чиновниктин айтымында, кээ бир пикирлер жүрөктө терең так калтырат.

"Өткөн жылы камакта отурганымда сын-пикирлерди кабыл алуу баарынан оор болду. Мен элдин: "Анын жүзүнөн эле жолдун акчасын уурдаганы көрүнүп турбайбы, муну өмүр бою эркинен ажыратыш керек",- деп жазган комментарийлерин окудум. Мындай сөздөр, албетте, абдан катуу сокку болот экен. Ал адам менин ордумда болгон эмес да, менин эмнени сезгенимди сезген эмес. Адамдар иштин чоо-жайын такыр билбей туруп, сындап, өкүм чыгарганда, бул чындап эле жан дүйнөңдү жаралайт", - деп белгиледи транспорт министри.