Сыдыков: Кыргызстан логистикалык жана санариптик хабга айланат

Экономика 18 ноябрь 2025 14:55
1763448240691c15b0d83ae.png
1763448240691c15b0319f3.png
1763448241691c15b182bdc.png
1763448282691c15da09bb5.png
Алдыга
Артка
1763448240691c15b0d83ae.png
1763448240691c15b0319f3.png
1763448241691c15b182bdc.png
1763448282691c15da09bb5.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы БАРЭК 2030 Программасынын узак мөөнөттүү максаттары менен толук шайкеш келет, - деди экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) бизнес-форумунда.

Министрдин айтымында, логистика жана региондук байланыш боюнча стратегиялык приоритеттердин алкагында өлкө алдына так жана айкын максаттар коюлган.

"Бул максаттар менен бирге региондук логистикалык хабга айлануу, санариптик соода түйүнүн өнүктүрүү жана жашыл энергетиканын борбору болуу — биздин негизги багыттыбыз.

Географиялык жайгашуубуз Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азия менен Европаны бириктирген маанилүү байланыш. Ушул артыкчылыкты пайдаланып, Кыргызстанды инновациялар жана стартаптар өнүккөн мейкиндикке, ошондой эле инвесторлор менен ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айлантууну көздөйбүз", — деп баса белгиледи Сыдыков.