Бакыт Сыдыков: Борбор Азия — ири рыноктордун ортосундагы стратегиялык мейкиндик

Экономика 18 ноябрь 2025 14:19
Frame 604.png
IMG_9012 1.png
IMG_9007.png
IMG_8981.png
IMG_8940.png
IMG_8939.png
IMG_8936.png
IMG_8932.png
Алдыга
Артка
Frame 604.png
IMG_9012 1.png
IMG_9007.png
IMG_8981.png
IMG_8940.png
IMG_8939.png
IMG_8936.png
IMG_8932.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Борбор Азия дүйнөдөгү эң ири рыноктордун ортосундагы стратегиялык мейкиндик катары өз маанисин мурдагыдан да күчөтүүдө, - деди экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) эки күндүк бизнес-форумунда.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр бизнес-форум дээрлик 15 жылдан кийин биринчи ирет өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Бүгүн биз дүйнөлүк жеткирүү чынжырларынын терең трансформацияланып жаткан, мультимодалдык маршруттардын мааниси өсүп, Борбор Азия дүйнөдөгү ири рыноктордун ортосундагы стратегиялык мейкиндик катары таанылып жаткан мезгилде жашап жатабыз. Ушул жаңы шартта БАРЭКке мүчө өлкөлөр инфраструктуралык, технологиялык, экологиялык, логистикалык сыяктуу бир катар жаңы чакырыктарга да, инвестицияларды тартууга, интеграцияны өркүндөтүүгө жана чөлкөм аралык сооданы өнүктүрүүгө байланышкан жаңы мүмкүнчүлүктөргө да туш болууда. Дал ушул себептен БАРЭК бизнес-форуму өтө маанилүү — ал B2B жана B2G форматтары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деп баса белгиледи Сыдыков.

Эскерте кетсек, форумга БАРЭК өлкөлөрүнүн жеке секторунун лидерлери, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана инновациялык компаниялар чогулду. 200дөн ашуун катышуучу логистика, санариптик соода, финтех, агротехнологиялар, жашыл энергетика жана туруктуу туризм сыяктуу экономиканын негизги тармактарын сунуштоодо.