Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда сот отурумдары биринчи жолу түз эфирде көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.
Анда белгиленгендей, трансляция Жогорку соттун YouTube каналы аркылуу жүргүзүлүп, анда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыш иши каралды. Сот отурумуна Жогорку соттун аппарат жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев жана Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров катышты.
Маалым болгондой, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда видеоконференция аркылуу сот өткөрүү жана сот отурумдарын онлайн трансляциялоо мүмкүнчүлүгү мыйзам менен бекитилген. Ошондой эле айыпталуучу жана соттун башка катышуучулары иш протоколу, аудио жана видеожазуулар менен таанышып, алар боюнча өз пикирлерин билдире алышат.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, сот процессине катышкан адамдардын өтүнүчү же соттун демилгеси боюнча сот отурумун телеканалдарда, радиодо же интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүүгө уруксат бериле алат. Бул чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту жана катышуучулардын коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынат.
"Мындай жаңылык сот системасынын ачыктыгын жогорулатып, коомчулуктун сотко болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле жарандарга сот процесстерин алыстан байкоого шарт түзүп, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кеңейтет", — деп айтылат маалыматта.