Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Коом Загрузка... 15 Май 2026 18:40
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын 36 жаштагы тургуну 22-апрелде ооруканага түшкөн. Ал кош бойлуулуктун 31-жумасында болуп, оор даражадагы преэклампсия жана плацентанын эрте ажырашынан улам төрөт коркунучунда турган.

Бейтапка бөлүмдө дем алуунун бузулуу синдромунун алдын алуу чаралары көрүлүп, веноздук тромбоэмболиялык татаалдашуулардын жогорку коркунучун эсепке алуу менен антикоагулянттык терапия жүргүзүлгөн.

30-апрелде кош бойлуулуктун 32 жумалыгында үч эм операция жолу менен төрөлгөн. Алардын эркек бала 1730 грамм, кыздардын салмагы 1590 грамм жана 1460 граммды түзгөн.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Рыскүл Асакеева "Кабар" агенттигине билдиргендей, ымыркайлар жетилбегендигине байланыштуу жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат.

"Учурда эне жана балдардын абалы туруктуу. Бир жумадан кийин үйүнө чыгарылат", - деди ал.