Сууну үнөмдөп колдонгон дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет

Коом 11 февраль 2026 16:40
Сууну үнөмдөп колдонгон дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. 2026-жылы сугат суусун үнөмдөө технологиясын колдонгон дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште билдирди.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул максатка мамлекет тарабынан 1 млрд сом каралган.

Насыя дыйкандарга 2% менен берилет.

Тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системалары 20 миң гектарга, анын ичинен мамлекет тарабынан 5 270 гектарга, дыйкан-фермерлер тарабынан 14 миң 730 гектарга орнотулат.