Суукка байланыштуу электр тармактарынын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү

Коом 15 Январь 2026 11:34
615824574_872775618680748_6773387002736996765_n.jpg
616115198_872775672014076_2780451105949377211_n.jpg
616130632_872775515347425_3937377517872360462_n.jpg
616593490_872775548680755_63629861320248888_n.jpg
617110489_872775552014088_6724692523060076695_n.jpg
Алдыга
Артка
615824574_872775618680748_6773387002736996765_n.jpg
616115198_872775672014076_2780451105949377211_n.jpg
616130632_872775515347425_3937377517872360462_n.jpg
616593490_872775548680755_63629861320248888_n.jpg
617110489_872775552014088_6724692523060076695_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Суукка байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Штаттан тышкаркы кырдаалга авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыккан. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника даярдалган. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди.

"Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет. Аба ырайы сууктагандыктан, электр жабдууларына күч келтирбөө үчүн энергияны үнөмдөөгө жана бир нече шайманды бир убакта иштетпөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, биздин күнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү номерлерине кайрылсаңыз болот:

  • Бишкек электр тармактар ишканасы - (0312) 53-00-84;
  • Чүй электр тармактар ишканасы - +996 (312) 33-85-03;
  • Баткен электр тармактар ишканасы - +996 (03622) 5-06-28;
  • Ош электр тармактар ишканасы - +996 (3222) 5-50-38;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы - +996 (3722) 5-13-50;
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы - +996 (3922) 4-24-53;
  • Нарын электр тармактар ишканасы - +996 (3522) 5-12-73;
  • Талас электр тармактар ишканасы – +996 (3422) 5-36-05.