Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бишкекте 3-ноябрдан 9-ноябрга чейин аба ырайы кескин сууктап, жаан карга айланышы күтүлөт.
Жуманын аягында аба ырайы турукташып, күн ачылып, кургак аба ырайы күтүлөт.
3-ноябрда (дүйшөмбү) — ала булут каптап, бирок жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +12…+14 °С.
4-ноябрда (шейшемби) — түндө +1…+3 °С, күндүз жаан жаап, карга айланышы кутүлөт +4…+6 °С.
5-ноябрда (шаршемби) — түндө 0…– 2 °С, күндүз жаан жаайт +2…+4 °С.
6-ноябрда (бейшемби) — түндө – 2…– 4 °С, күндүз ала булут каптайт +3…+5 °С.
7-ноябрда (жума) — түндө – 2…– 4 °С, күндүз ала булут каптап турат +5…+7 °С.
8-9-ноябрда (ишемби-жекшемби) — күн ачылып, түндө – 2…– 4 °С, күндүз +8…+10 °С.
Синоптиктер белгилегендей, 5-ноябрдан тарта жаан-чачындын токтошу күтүлөт жана аба акырындап жылый баштайт.