Суу жоготууну азайтуу: Кыргызстан заманбап бетон полотнолорун колдонушу мүмкүн

Коом 12 май 2026 17:52
WhatsApp Image 2026-05-12 at 17.11.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 17.11.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-12 at 17.11.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 17.11.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды.

Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөөдө пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясы тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, технология суу жоготууларын азайтууга жана инфраструктуралык объектилердин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыйынтыгында тараптар заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.