Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакана тапшырылды

Коом 480 01 Июнь 2026 17:30
IMG_6105.JPG
711152290_122213870582341273_2278238113115863393_n.jpg
711619194_122213870180341273_2669447131802111762_n.jpg
711775924_122213870396341273_3719773835949213250_n.jpg
712378525_122213870120341273_5466460910591340029_n.jpg
712378525_122213870342341273_1727182238480304387_n.jpg
712411307_122213870444341273_6280940365624502746_n.jpg
712430726_122213870234341273_3348647607543559060_n.jpg
713125553_122213870636341273_9078732907545294078_n.jpg
714244833_122213870270341273_5200609037306490187_n.jpg
714691192_122213870060341273_2299873491971264021_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Суу ресурстары кызматына ирригациялык инфраструктураны тейлөө үчүн 14 мобилдик устакананы тапшырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, техника Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында берилди.

Мобилдик устаканалар гидротехникалык объектилерде оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө жана ирригациялык системаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Министр белгилегендей, суу чарба уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо агрардык тармакты суу ресурстары менен ишенимдүү камсыздоого жана өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.