Суу реформасы жана агродолбоорлор: Жаңы министр иштин артыкчылыктарын атады

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жамаат менен алгачкы жыйынын өткөрүп, расмий ишке киришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр мурдагы жетекчи Бакыт Төрөбаев баштаган беш негизги багыт улантыларын белгилеп, түзүлгөн кесипкөй команданын ишин жогору баалады. "Ушул курам менен натыйжалуу иш алып барабыз", — деген ал кадрдык туруктуулукка өзгөчө көңүл бурарын билдирди.

Жыйында министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берсе, орун басары Мирбек Дүйшеев айыл чарба тармагындагы насыялоо программаларына токтолду. Учурда агроөнөр жай комплексин мамлекеттик каржылык колдоо боюнча жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 долбоор ишке ашырылууда.

Эрлист Акунбеков жамаатты ачык-айкын иштөөгө жана кыска убакытта жыйынтык көрсөтүүгө чакырды. Ал жазгы талаа иштерине даярдыктын абалы тууралуу толук маалымат алып, дыйкандарды үрөн, күйүүчү-майлоочу май жана техника менен камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле суу реформасын аягына чыгаруу эң башкы артыкчылыктуу багыттардын бири болорун өзгөчө белгиледи.