Суу өмүр булагы. Ар бир үйдү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кадамдар

Коом Загрузка... 13 Апрель 2026 17:00
WhatsApp_Image_2026_FSD0yqX.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу - өлкөнүн туруктуу келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ улуттук деңгээлдеги милдет болуп саналат. Анткени жашоо борбор калаа же ири шаарлар менен гана чектелбестен, айыл-кыштактарда да уланат. Ал эми бул аймактарда инфраструктура маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

Андыктан мамлекет бардык аймактарды суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын жаңылоого өзгөчө көңүл бөлүп, бул тармакты артыкчылыктуу багыттардын бири катары карап жатат.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

“Ош шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 14 млн евро көлөмүндөгү суу менен камсыздоо жана канализация системасын жаңылоо долбоору аяктады. Учурда баасы 8 млн евро болгон долбоордун үчүнчү этабы башталып, ал тазалоочу курулмаларды кеңейтүүгө багытталган. Жакынкы жылдары шаарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилет деп күтүлүүдө”,-деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал эми өлкөдө калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле канализация системаларын куруу жана жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу “Кабар” агенттигине Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Шамшиддин Халов айтып берди.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү калктуу конуштардын болжол менен 90-95 пайызында ичүүчү суу жетиштүү. Ал эми тармактык мекемелердин маалыматы боюнча, таза суу менен камсыз болуу деңгээли 70-80 пайыздын тегерегинде.

Халов белгилегендей, учурда өлкөдө эскилиги жеткен тутумдарды жаңылоо жана калыбына келтирүү боюнча чоң иштер жүрүүдө. 2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 388 айылда жана 13 шаарда суу менен камсыздоо системаларын оңдоп-түзөө пландалууда. Негизги максат калкты суу менен камсыз кылуу гана эмес, анын сапатын жана пайдалануу шарттарын жакшыртуу болуп саналат.

"Мурда калктуу конуштарда көчөдөгү колонкалар колдонулса, бүгүнкү күндө сууну түздөн-түз үйлөргө жеткирүү артыкчылыктуу багытка айланды. Муну менен катар санитардык шарттарды жакшыртуу жана гигиенанын деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер да жүргүзүлүүдө. 2030-жылга карата бул иштердин негизги бөлүгү аяктайт деп күтүлүүдө", — деди Шамшиддин Халов.

Ошондой эле ал долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык өнөктөштөр менен донордук уюмдардын ролу чоң экенин белгиледи. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүгүү фонду сыяктуу институттар менен активдүү кызматташып келет, ошондой эле Корея тараптан инвестициялар тартылууда. Мындан тышкары, долбоорлордун олуттуу бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

"Учурда 300дөн ашуун айылда долбоордук-сметалык документтер даярдалып, курулуш иштерин баштоого даярдык көрүлүүдө", — деп кошумчалады ал.

Шамшиддин Халов белгилегендей, Кыргызстанда суу менен камсыз кылууга гана эмес, саркынды сууларды чыгаруу маселелерине да көңүл бурулууда. 2026-2036-жылдарга карата программада канализация системаларын куруу жана жаңылоо, ошондой эле агынды сууларды тазалоочу курулмаларды салуу да каралган. Анын айтымында, бул чаралар сууну пайдаланууга байланышкан экологиялык жана санитардык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаменти айылдарды таза суу менен камсыз кылуунун учурдагы деңгээли боюнча акыркы маалыматтар менен бөлүштү.

Көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

Баткен облусу: жалпы 222 айылдын 85и таза суу менен камсыздалган. 137 айылда курулуш иштерин жүргүзүү талап кылынат. Учурда 71 айылда суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылууда.

Жалал-Абад облусу: 468 айылдын 101и таза суу менен камсыз болгон. 367 айылга суу керек, азыркы тапта алардын 228инде долбоорлор жүзөгө ашырылууда.

Нарын облусу: 144 айылдын 75и таза ичүүчү суу менен камсыздалган. 69 айылга таза суу керек. Учурда 65 айылда таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Ош облусу: жалпы 521 айылдын ичинен 248и таза суу менен камсыздалган. 273 айылда курулуш иштерин жүргүзүү зарыл, алардын 192синде учурда таза суу менен камсыздоочу долбоорлор ишке ашырылууда.

Талас облусу: 93 айылдын ичинен 64ү таза суу менен камсыз болгон. 29 айылда суу курулушу талап кылынат, алардын 23үндө учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Чүй облусу: жалпы 311 айыл бар. Алардын 102си таза суу менен камсыздалган. 209 айылда курулуш иштерин жүргүзүү керек. Учурда 119 айылда долбоорлор ишке ашуу баскычында турат.

Ысык-Көл облусу: жалпы 195 айылдын ичинен 103ү таза суу менен камсыздалган. 92 айылда курулуш иштерин жүргүзүү талап кылынат, алардын 72синде учурда таза суу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошентип, Кыргызстанда өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу акырындык менен алга жылууда. Инфраструктураны жаңылоо, инвестицияларды тартуу жана узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу сыяктуу комплекстүү иштер жакынкы жылдары калктын жашоо шартын олуттуу жакшыртат деп күтүлүүдө.