Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Ош шаарында акыркы күндөрү жаралган таза суу көйгөйүнө байланыштуу "Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Байкишиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен шаардын батыш бөлүгүнө таза суу берүү убактылуу токтотулуп, айрым аймактардын тургундары үч күн бою таза суусуз калышкан.
"2025-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген 4 суу кампасы, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай тургандыгы аныкталды. Бул суу кампалар аркылуу шаардын бир бөлүгүнө суу берүүгө мүмкүн болгон. Бирок ишкана бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбай, элди суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан",-деп айтылат маалыматта.