Суу-энергетика тармагы: Кыргызстан менен Тажикстан тажрыйба алмашат

Коом 26 май 2026 16:00
Суу-энергетика тармагы: Кыргызстан менен Тажикстан тажрыйба алмашат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолукту.

Жолугушуу Эрлист Акунбековдун Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Анын жүрүшүндө суу-энергетика тармагында пайдалуу жана натыйжалуу кызматташуу багытында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлор боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлдү.